Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Мамлекет 100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын төлөөнү көздөп жатат"

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 100 миң сомго чейин насыя алгандарга мамлекет тарабынан жардам берүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал аймактарга болгон жумушчу сапарынын алкагында эл менен жолугушуу учурунда белгиледи.

"100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын мамлекет тарабынан төлөп берели деп жатабыз. 100 миң сомго чейинкилердикин гана. Андан жогорку суммадагыларга жардам берүүгө мамлекеттин күчү жетпейт экен. Биз болгон күч-аракетибизди жумшадык.

100 миң сомго чейинкилер дегендерди билесиздер, аябай начар шартта жашагандар. Биз аларга жардам берүүнүн булактарын таптык, 1 миллиард 200 миллион сом сарпталат экен бюджеттен. Муну менен биз 600дөн ашуун үй-бүлөгө үстөк пайыз төлөөгө жардам бере алабыз. Банктар, каржы компаниялары менен чечишип, токтомду баарына жеткиликтүү кылып жазып коёбуз. Декабрь, январь, февраль айларындагы үстөк пайыздарды төлөсөк деп жатабыз. Пандемия шартында мамлекет жарандарга жардам бере алган жок, мындан улам азыр колубуздан келишинче көмөк көрсөтөлү дедик", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
NURSAPAR
2020-11-10 10:18:50
Азамат оозуңарга май. Иштеген адам ушундай эле иштейт. Бирок мектептерди ачпай турсаңар жакшы болмок.
+4
Kyrgyz_bloger
2020-11-10 10:31:46
Бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом акча коротуп жардам беруу туура эмес,бюджет озу 30-50 миллиардка дифитцит болуп турат,алар кредит алса мамлекет куноолуу эмес да,толой алса алыш керек,коп адамдарга кредит алуу оору болуп калган,зарыл иши жок эле кайра кайра ала берет,азыр толоп берсе эртен башкалар чыгат биздикин дагы толо деп.
+6
aslan_akjol89
2020-11-10 19:07:04
Эптеп шайлоого карата "агитация"башталды да.Жалкоолорго майдай жагып атат.Башка зарыл иштер толтура го.Ошончо акчага соц объектилерди курса болот эле го,жалпы элге жардамы тийчу объектилерди.
-1
Baha.A
2020-11-10 20:20:26
1млрд.200 млн го акча тушо турган бирдемке жасап туруп,тушкон акчадан толой берсе болбойбу?
0
Kombi
2020-11-11 19:49:38
Бюджет 50 млрд минус болуп жатса бул кылганы туура эмес. Президентик шайлоого агитация же добуш сатып алуу.
Ошону да байлар алат.
0
Kombi
2020-11-11 19:53:05
Ошондон коро мыйзам жазбайбы процентин азайтсын деген. Элдин акчасына Банктын Ээси(чет олколуктор) байып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан