Биз социалдык тармакта

Өкмөт: "Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн банктык эсеп ачуу боюнча сунушту карап көрөрүн айткан"

Депутат Дастан Бекешев Кытайга болгон карыз тууралуу видеоролик аркылуу маалымат берди. Анда ал Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн банктык эсеп ачуу боюнча элге убада бергенин айткан.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров аймактарды кыдырып жүргөндө эл тарабынан банктык эсеп ачуу боюнча сунуштар айтылган. "Садыр Жапаров бул маселени карап көрөрүн билдирген. Бул маселе качан каралары азырынча белгисиз", - деп билдиришти өкмөттөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asyl1998
2020-11-10 14:04:21
Сыймык Жапыкеев кустурам, сийдирем анан Кытайдан кутулабыз деп жатпады беле. Кана эме жокко. Ушинтип кооз создор аркылуу тегерегине фанаттарды чогултту. Кызматка келди. Эмо ушу менен жок болуп кетеби. Жэ багя эле кухняга отуруп алып баягы эле жомогун айта береби.
-4
Baatirbek81
2020-11-10 16:49:08
asyl1998,сендейлердин айынан адамдардын пейили бузулуп баратат!
Азыркы бийликтин иштегенине аз эле убакыт болду!чыдай турсаң болот баарысы! Жакшы жагын ойлонуш керек сөз сүйлөөрдүн алдында!
+1
bond02
2020-11-10 14:09:36
Эл айтпай эле Садыр озу айтпады беле счёт ачып карыздан кутулабыз деп, айта берет экен кайта берет экен Садыр, ишенич жок буга. Ташиев, Жапыкеев, Жапаров олкону жарга карай суйроп баратат.
-8
saat1200
2020-11-10 14:49:26
Карызды ушундай жол менен төлөсө болот. Бизге ким канча төктү телевизордон көрсөтүп турса. Байлар бири биринен жарышып төлөп салат. 100 000000 сомдон төгүп салышат. Ким көп салганын алдыңкы орунга жылдырып турса эле жарышып төлөп салабыз. Уурдап жегендерди Кудайга койдук.
+10
bond02
2020-11-10 15:25:15
saat1200,кайдагы жомокту айтпачы, биздикилер жарышып талап тоношу мумкун бирок жарышып токпойт.
+4
Jelezo
2020-11-10 15:05:57
Ачкыла мен 5000рубль берем.көп түкүрсө көл болот дегендей.
+8
meku9205
2020-11-10 15:08:28
Мен эч кимисине ишенбей деле калдым саясат деген баарыбир сасык экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан