Биз социалдык тармакта

Руслан Казакбаев Түркиянын маданият министрине эки өлкө ортосундагы визаны жоюу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен болгон жолугушууда эки өлкө ортосундагы визаны жоюу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн жарандары үчүн жумуш иштөөгө уруксат алууну жоюу боюнча дагы кеп козголгону маалымдалат.

"Мындай бирдиктүү кадам Түрк элдеринин интеграциясынын негизги максаты болгон мамлекеттер арасындагы товарлардын эркин жүгүртүлүүсүн камсыз кылууга жетишет" деген Руслан Казакбаев. Өз кезегинде Түркиянын министри эки мамлекет ортосундагы туристтик жааттагы кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштаганы маалымдалат.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-ноябрда жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана анын орун басары Сердар Чам менен жолукканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-11-11 04:54:35
Тополондон бери ушул киши эле нары бери чуркап пытырап журот ушул кишинин иштегени эле корунуп турат калгандары эл менен жолугуп лапша илмей болуп жаткандай
+5
Aman_Mansurov
2020-11-11 16:30:10
Ушул киши аракетчил экен. Министр болгондон бери жакшы аракет кылып иштеп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан