Биз социалдык тармакта

СУРАМЖЫЛОО: Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби? (видео)

Бүгүн, 10-ноябрь - Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу "Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби?" деген суроого SUPER.KG порталы жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын оюн угуп көрдү.

"Илимге-билимге умтулган жаштарыбыз чынында көп. Анан Кыргыз өлкөсүнүн келечеги жоголуп кетет же болбосо келечеги бүдөмүк деген ойлорду жаңылыштык деп эсептейм. Биздин келечек сөзсүз түрдө кенен деп ишенем", - дейт журналистика жаатында билим алып жаткан студент.

"Кыргыз өлкөсүнүн келечегин элестете албайт окшойм. Анткени биздин президенттерибиз дайыма жаман иштешет, ошол үчүн", - деди биздин суроого жооп бергендердин арасындагы жаштардын бири.

"Бардык нерсе башталат майдадан, байкабайт аны майда адам" деп коёт го. Ошо бардык нерсе майдадан башталса, аздан көп куралат да, буюрса баары болот. Менин келечегим үчүн Кыргыз мамлекети эч нерсе жасабай эле койсун, биз мамлекетибиз үчүн бир нерсе кылышыбыз керек. Эң негизгиси өлкөдө коррупция жок болсо", - деген оюн айтты сурамжылоого катышкандардын бири.

Каарманыбыздын дагы бири жаштардын майрамы менен куттуктап, аларды билим алуу менен алдыга карай өнүгүп-өсүүсүн каалады.

СУРАМЖЫЛОО: Жаштар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине ишенеби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Topcubai
2020-11-10 20:47:53
Лейлекте жер титирөө болду.Аллахым өзүң сактагын.
-1
Asel69
2020-11-10 21:44:02
Мен ишенбейм олконун келечегине
-7
bayern-munchen
2020-11-11 05:57:10
Asel69,ишенбесен жоголчу тенирчи
+2
sultan_bek
2020-11-11 10:35:28
bayern-munchen,
Бироонун жеке жашоосуна кийлигишпей эле койчу. Ишенеби ишенбейби, тенирчиби, исламистби, христянбы, атеистби сенин бир жерине куч келип жатабы.
-3
nazarnew
2020-11-11 09:46:43
Биринчи кезекте ишеништен мурун, өзүбүз өлкө үчүн эмне кылып койдук деп суроо беришибиз керек, өзүбүзгө ишенсек келечек дагы сонун болот, баары бизден көз каранды, Раззаков айткандай мен таза, сен таза болсоң и өлкө дагы таза болот, так что баарыбыз аракет кылалы өлкөбүздүн келечеги үчүн, кудай буюрса баары сонун болот и мен ага ишенем.
+1
Aguwa
2020-11-11 09:48:50
Деги сен бирнерсеге ишенесинби озу?! Качан болсо нааразысын! Тенирчи!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан