"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз тилиндеги тарыхый,архаизм сөздөрдүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Камбыл - ар нерсеге камы бар, сарамжалдуу, даярдык көрүп коюу. Мисалы: Найзага камбыл маш болгун, Төштүк! ("Эр Төштүк")
2. Зеңгирөө - башы айлануу, эңги-теңги болуу. Мисалы: Эсин жыйып алалбай зеңгиреп жаткан андан көп. ("Семетей")
3. Какжырап калды - эби-сыны кетүү, калыбы бузулуу, өтө кургап мурдагысындай болбой калуу. Мисалы: Күнгө какжырап, калыбынан тайган эшиктерди, тепкичтерди көрдү. (К.Баялинов).