Бүгүн, 11-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына Атамбаевдин ден соолугу боюнча маалымат берди. "Ден соолугу канаттандыраарлык. Бирок кан басымы дагы деле төмөн", - деди Жолдубаева.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевге бронхит диагнозу коюлганы айтылган.