Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрында бүгүн, 11-ноябрда "Жат эмесмин" спектаклинин бет ачары коюлат. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Ырысгүл Изатова билдирди.
"Бүгүн саат 18:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында "Жат эмесмин" драмасынын бет ачары коюлат. Ага чакырылган адамдар келет жана бардык санитардык эрежелер сакталат", - деди ал.
"Жат эмесмин" драмасы репрессиянын 90 жылдыгына жана Жаштар театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири Өмүрзак Токтомуратовдун 35 жылдыгына арналат.