
Бүгүн, 11-ноябрда Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында Тажик тарап Кыргыз тарапка тиешелүү жерге арык казып кирген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирип, ал учурдагы видео, сүрөт менен бөлүштү.
Айтымында, Тажик тарап мыйзамды одоно бузуп, эч кимдин уруксаты жок эле арык казып кетип калышкан.
Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылганыбызда аталган маселе такталып жатканын, жакынкы убакта маалымат бериле турганын билдиришти.