Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! 12-16-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

12-16-ноябрда республиканын аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-ноябрда күндүз жана 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бак-дарактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

13-16-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° …+1°, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° …+3° жылуу;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, чыгышында -4…-9° суук, күндүз -2° …+3° жылуу;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -2°…+3° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан