Биз социалдык тармакта

"Эт 440 сомго жетти". Жалал-Абадда базар баалары көзөмөлгө алынат

Жалал-Абад шаарында базар баалары көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында азык-түлүктөрдүн баасына байланыштуу атайын жыйын өттү. Ага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев, биринчи вице-мэр Болотбек Узакбаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары катышты.
"Бүгүнкү күндө 1 литр "Олейна" майына болгон баа 120 сомду түзүп, мал этинин килограммы 440 сомго жетти. Ага ылайык Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин облустагы өкүлүнө баага болгон өсүүлөрдүн себебин аныктоо тапшырмасы берилди.
Жакынкы күндөрү жарандарга керектелүүчү азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганы, ошондой эле төрага шаардагы базар бааларын мындан ары да көзөмөлдөп турарын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mital.89
2020-11-12 22:49:04
кайдагы 440 бизде Шамалды сайда 500
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан