Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь окуясында өрттөлүп кеткенден кийин биринчи ирет Ак Үйгө чогулду. Анда инвестицияларды колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маселе каралганы маалымдалды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын аталган имараттын батыш залында өткөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйындары Ак Үй өрттөлүп, жыйынга топтолуу мүмкүн эместигинен улам "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп келген.