Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө 1 жарым саат убакыт бөлөрүн айтты

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Жыйындын башында Садыр Жапаров бардык медиа өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө 1 жарым саат убактысы бар экенин айтты. "Сиздер менен ачык суроо, жоопторго 3-4 саат убакыт бөлүүнү ойлогом. Бирок жолдо келе жатканда мага Орусиянын өкмөт башчысы менен телефондук сүйлөшүү болорун кабарлашты. Ошондуктан сиздерге 1 жарым сааттык эле убакыт бөлүнүп калды. Бул күтүлбөгөн нерсе болуп калды. Журналисттер үчүн эшигим дайыма ачык. Суроо бергенге үлгүрбөй калган журналисттер болсо 15-20-ноябрдан кийин мүмкүнчүлүк болот, ошондо сүйлөшсөк болот деп ойлойм", - деди ал.

Маалымат жыйынга республикалык жана чет өлкөлүк 86 ЖМКдан 148 журналист катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан