Биз социалдык тармакта

Тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот. 13-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +1…+6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан