Биз социалдык тармакта

"Сиз менен сүйлөшүүдөн кийин Бабанов президенттикке талапкер болбой турганын билдирди. Бабановду кайсы кызматка коёсуз?" деген суроого Садыр Жапаровдун жообу

"Көпчүлүк Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоого аттанат деп күтүп жаткан болчу. Бирок сиз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ал шайлоого барбай турганын, сизди колдоорун айтты. Эгерде президент болуп калсаңыз Бабановду кайсы кызматка коёсуз?". Мындай суроо бүгүн, 12-ноябрда өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында журналисттер тарабынан берилди.

"Жалгыз эле Бабанов эмес дагы бир топ саясатчылар кол сунуп келишти. Ким болбосун, кайдан келбесин жардам берели деп келген саясатчыларга эшигим ачык. Мен "сен атамбаевчи болосуң, сен бакиевчи, сен жээнбековчусуң" деп бөлгүм келбейт, бул аракеттерим билинип жатса керек. Бул нерсе коомду ынтымакка чакырат. Кайсы кызматка алуу боюнча сүйлөшүү болгон жок, бир дагы саясатчы менен соодалашуу болгон жок. Биз чогуу сүйлөштүк, келгиле, соодалашууну токтотолу дедим", - деди өзүнүн жообунда Жапаров.

Садыр Жапаров Өмүрбек Бабановго эч кандай кызмат убада кылбаганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан