Жалал-Абадда бүгүн, 12-ноябрда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. ӨКМнын маалыматы боюнча, жер титирөө саат 14:25те болгон.
Жер титирөө Сузак районунун Тосой, Жийде, Ор-Казган айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Калмак-Кырчын, Салам-Алик айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл жана Ош облусунун Өзгөн шаарында, Мырза-Аке айылында 3,5 балл, Кара-Кулжа районунда 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.