Биз социалдык тармакта

Дагы 3 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Алар кимдер?

Президенттик шайлоого өзүн-өзү талапкер көрсөткөндөрдүн саны дагы 3кө өстү. Муну менен талапкерлердин саны 20га жетти.

БШКнын маалыматына ылайык, бүгүн, 12-ноябрда Г.Мерцбахер атындагы коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо "Мөңгү" фондунун президенти Урустам Кабылбековдон арыз түштү. Урустам Кабылбеков 1962-жылы төрөлгөн.

Дагы бир талапкер - 1985-жылы туулган Илгиз Товкеев. Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан жаран убактылуу эч жерде иштебейт.

Талапкерлердин катарын 1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов толуктады. Ал убактылуу эч жерде иштебейт.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке ат салышуудан баш тартканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Malik92
2020-11-12 17:42:56
Мен Москвадан жумушумду таштап Кыргызстанга барып, Президенттике талапкерлигимди койсом окшойт.
+10
Jelezo
2020-11-12 17:55:26
Калмаматов мыкты жигит.Президенттике жарайт.
+3
bayern-munchen
2020-11-13 00:12:43
Jelezo,бирок жаш лучше бир министерство иштеп коруш керек
0
Shakek
2020-11-12 18:11:34
Чыпалак баатыр и Гүлзат Мамытбектер эле калды талпкерлигин койбогон
+8
Asanali
2020-11-12 18:21:04
Отпой калышын билип туруп неге коюшат
+7
ika8086
2020-11-12 19:16:42
Сапатсыз Кытайдын оюнчуктарынан айырмасы жок шайлоого аттангандар.Витринарда тизилген кытай оюнчуктары.Президент дегендин баркын кетирип,кадыр-баркын тушуруп эмне мынча шагырайсынар,10-январда бутка чалынышат экенда.
+3
Mamajanovna77
2020-11-12 19:42:04
Ашыкча миллиону барлар баары эле койсо болот экен да
+2
Arzybekkg
2020-11-12 20:39:45
Атын чыкпаса Кыргызстандын президентине талапкерлигини кой болуптур го бул жагы
+2
Rusi79
2020-11-12 21:53:04
Мээнер барбы озу прикол учун деле кое бересинерби.
+1
Pankration_MMA
2020-11-12 22:11:29
Садыр менен эле Бакыт жарайт, калгандары өздөрүн пиарлаш үчүн эле койуп жатышат. .
-1
bayern-munchen
2020-11-13 00:13:08
Pankration_MMA,туура
0
al-abu-kinesz
2020-11-13 00:15:06
Pankration_MMA, туптуура!
0
bayern-munchen
2020-11-13 00:14:18
Бул жерде Жапаров Жана Мадумаров тирешет Бакыт Калмаматов кучтуу жигит бирок коп тааныбайт элдер калганы бир бок мурундар
+1
make2
2020-11-13 08:44:30
Жүз киши койсода бул сапар Мадумаров президент буюруса
0
talant87
2020-11-13 08:52:58
Биринчи банка 500мин толо анан каттайбыз десе 250мин сому бужетке калат кайтарып бербейбиз десе Бир аз азаймак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан