Ошто кармалгандан кийин каза болгон шектүүнүн окуясы. УКМК 6 милиция кызматкерин кармады

Ошто 26 жаштагы кылмышка шектүү Ош ОИИБине алып келинген учурда эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери аны "Тез жардам" кызматына жеткирген учурда өзүнө келбей каза болгон. Бул ишти тергөө УКМК кызматына жөнөтүлүп, 19-ноябрь күнү Ош ОИИБинин 6 кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар: 1988-жылы туулган А.С,

1981-жылы туулган Э.У.,

1989-жылы туулган С.Д.,

1988-жылы туулган А.Ш.,

1988-жылы туулган О.А.,

1986-жылы Ш.С.

Кармалган кызматкерлер Ош облустук УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Raihan0602
2020-11-20 14:34:24
Бир карын майды бир кумалак чиритет силердей зөөкүрлөрдүн айынан бардык милиция кызматкерлерине ишенич жоголуп баратат.Мыкаачылар бирөөнүн айдай жалгыз баласынан ажыраттыңар жакшылап жазаңарды алгыла
+12
Boru-89
2020-11-20 14:54:26
Эки жакты бирдей карап териштириш керек,бир тараптуу кылбай.Акыйкат иликтеп териштируу керек.
+5
Taalaibek.
2020-11-20 15:11:23
Буларга токтосуз олум жазасын бергиле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан