Ош облусунда 26 жаштагы шектүү жаран милиция кызматкерлери тарабынан Ош ОИИБине алып келингенден кийин эсин жоготуп, көп өтпөй каза болгону маалымдалган. Бул окуя боюнча ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү иштери башталып, маркумдун кандай себеп менен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кылмышка шектүүнүн өлүмүнө жол берген 5 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду.
"Ош ОИИБинин мүлктүк кылмыштардын жана жашы жете электердин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу бѳлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Э.У., аталган бөлүмдүн улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын майору Ш.С., ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны А.Ш., ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны О.А. жана Кара-Суу РИИБинин ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны С.Д. шектүү эс-учун жоготкон учурда медициналык жардам кѳрсѳтпөстөн каза болушуна жол беришкен.
Жогорудагы кызматкерлер мындай аракеттери менен коомчулукта жалпы милициянын кызматкерлеринин дарегине негиздүү сын-пикирлердин жаралышына шарт түзүшүп, укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын (1-бапынын 2-бөлүмү, 5-бөлүмү. а), б), в) тарамдары) жана ИИМдин буйругунун (№334 буйругунун 19-бөлүмүнүн 3-тарамынын) талаптарын бузгандыктары аныкталды. Мындан улам аты аталган 5 кызматкер ээлеген кызматынан тѳмѳндѳтүү менен бошотулду. Алардын мындан ары Ички иштер органдарынын катарында калуу маселеси УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки ѳндүрүш ишинин жыйынтыгы менен каралат.
Ошондой эле кызматтык иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ, Ош ОИИБинин КМКнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын подполковниги М.Ж. тартиптик жазасы жарыяланды", - дешти мекемеден.
Окуянын чоо-жайы:
5-октябрь күнү Ош шаарынын 21 жаштагы жашоочусу А.Ш. арыз менен кайрылып, тапанчаны такап, коркутуп өзү менен алып келген 4 миллион 230 миӊ сом акчаны карактаган жарандарга карата чара көрүүнү суранган.
Териштирүүдө А.Ш.га материалдык жактан ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.