Ысык-Көл облусунда 100 жаштан ашкан 33 адам жашайт. Муну 30-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Былтыр облустагы 100 жаштан ашкандардын саны 45ти түзүп, алардын көпчүлүгү Тоң районунун жашоочулары болгон. Ысык-Көл облусунда 18-сентябрдан 18-октябрга чейин Эл аралык карылар күнүнө карата карыларга колдоо көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланган. 1-октябрь күнү өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаев аймактагы карылар менен жолугушат.