Кытай бөлгөн 35 миллион доллар суу сактагыч курууга жумшалат
Кыргызстанда 1995-жылдан бери айыл чарба техникасынын 10 пайызы гана жаңыланган. Маалыматты 30-сентябрда
ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин
жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев билдирди. “Быйыл комбайндардын 40
пайызы бузулуп талаада калды. Айыл чарба техникаларын
ирригациялык систем менен кошо жаңылоо зарыл”,- деди министр. Узакбаев КЭРден берилген 35
миллион доллар жаңы суу сактагычтарды курууга жумшаларын айтты.