Бишкекте айыл чарба технологиялары боюнча бизнес форум өтөт
Бишкекте 1-3-октябрь күндөрү “Заманбап айыл чарба технологиялары жана өсүмдүктөрдү азыктандыруу” аттуу бизнес форум өтөт. Иш-чараны Кыргыз-Түрк "Манас" университети демилгелөөдө. Уюштуруучулар билдиргендей, жыйында 500гө жакын илимий эмгек талкуулоо үчүн сунушталат. Бизнес форумга Борбордук Азия жана Түркиянын азык-түлүк индустриясында айыл чарба жана мал чарба тармагында алектенген 300гө жакын өкүл катышмакчы. 200дөй фирма өз товарлары жана тейлөөлөрү менен тааныштырат. Ошондой эле “Айыл чарбаны заманбап ыкмада жүргүзүү” аттуу көргөзмө да болот.