Пенсия жашындагылардын 38 пайызынын алган акчасы күнүмдүк жашоосуна жетпейт

Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызынын алган акчасы күнүмдүк жашоосуна жетпейт. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда карылар менен иштешкен бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин өкүлү Ляйля Акчуринанын айтымында, 1-октябрдан тартып пенсия 400 сомго жогорулап, пенсиянын орточо көлөмү 4 554 сомду түзөт. Мындан сырткары пенсионерлер күнүмдүк жашоосуна кетирген чыгымдарды эсептөөгө дарыгерлердин жана башка адистердин катышуусун суранып жатканын белгиледи Акчурина. “Соцфондго акчалардын түшүүсүн көзөмөлдөөнү талап кылуудабыз. Көпчүлүк ишканалар кирешесин толук көрсөтпөгөнү белгилүү. Мындан көмүскө экономика келип чыгууда”,-деди ал.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан