Бүгүн, 30-сентябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин кол башчысы Рустам Эминжановдун жолугушуусу болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу пикир алмашып, жумушчу жолугушуунун протоколуна кол коюшту. "Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет",- деп билдиришти аталган мекемеден.