Бишкекте “21-кылымдагы юридика илими: көйгөйлөрү жана өнүгүү багыттары” аттуу симпозиум өтүүдө

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “21-кылымдагы юридика илими: көйгөйлөрү жана өнүгүү багыттары” аттуу симпозиум өтүүдө.

Академиянын басма сөз кызматынын билдиршинче, иш-чара Кыргызстандагы юридика илиминин көйгөйлөрүн аныктоо, анализдөө жана аны чечүүнүн жолдорун издөөгө багытталды. Мындан сырткары өлкөдө бул илимдин өнүгүү багыттары каралат. Симпозиумга академиянын ректору Канат Керезбеков, Казак гуманитардык университетинен Сергей Ударцев, шаардагы ЖОЖ жана орто мектептердин, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан