18 жылдын ичинде 50 миң адам Кыргызстандын жарандыгын алыптыр

1995-жылдан бери 50 миң 378 адам Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу 30-сентябрда маалымат жыйында жарандык боюнча КРнын президентинин алдындагы комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбеков билдирди. Жарандык алгандардын көпчүлүгү Тажикстан менен Өзбекстандан келгендер. “Тажикстандагы жарандык согуштан кийин этникалык кыргыздар биздин өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн арыз жазышкан. 1995-2010-жылдар аралыгында 40 миң адам жарандык алган, алардын 75,7 пайызы этникалык кыргыздар. Акыркы 3 жылдын ичинде 13 миң 414 адам жарандык алышса, анын 11 миң 534ү этникалык кыргыздар”,-деди Касымбеков. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан