Мэрия: Борбор шаарда санитардык мыйзам бузуулар токтобой жатат
Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Свердлов району боюнча жүргүзүлгөн санитардык рейддин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Москва көчөсүндө жайгашкан "Сефайи-34" ишканасына тиешелүү аймакта жана ошол эле дарек боюнча М.Сабирходжаева аттуу тургун тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулганы белгилүү болду. Ошондой эле аталган жерде таштандылар баш аламан, газондорго ташталып жатканын билдирет мэрия. Рейддин жыйынтыгы менен аталган ишкананын директоруна карата протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилиптир.