Ош. Мэрия кызматкерлери карыларды үйлөрүнө барып куттукташты

Бүгүн, 30-сентябрда 1-октябрь - Карылар күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери шаардагы жашы улгайган адамдарды үйлөрүнө барып куттуктап келишти. Иш-чарага вице-мэр Дастан Ходжаев жана мэриянын социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, карыларга 2000 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырышты. "Иш-чара карылар күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өтүп жатат, жергиликтүү бийликтен бир айлыкка карата 180 миң сом бөлүнгөн, карыяларды колдоп туруу биздин парзыбыз",- дейт Ходжаев. Учурда шаар боюнча карылардын саны 14 711. Алардын ичинен 90 жаштан жогорку 106 тургун жашайт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан