Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында аймактарга ГЭСтердин курулушу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Бизди Тажикстандагы жана Кыргызстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Аму дарыянын башында жайгашып, плотинасынын бийиктиги 350 метр болгон Рогун ГЭСи жана Сыр дарыянын башынан орун алып, бийиктиги 275 метр болгон Камбар-Ата 1 ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",- деди ал.
Камилов бул ГЭСтердин курулушу Борбордук Азиядагы суу балансынын бузулушуна алып келе турганын, долбоорлорду ишке ашыруудан мурда эл аралык эксперттер иш жүргүзүшү керектигин кошумчалады.