Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарын суу менен камсыздоого 10 миллион доллар жумшалат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария экинчи долбоору" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү долбоору колдоо тапты. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, эл аралык каржы уюму тарабынан 10 миллион доллар бөлүнүп жатат. Анын 4,5 миллион доллары грант түрүндө, калганы 0,75 пайыз үстөктүү насыя каражаты. Бул акча Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айылдарын суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан