Бишкекке Орусия парламентинин төрагасы Сергей Нарышкин келет

7-8-октябрь күндөрү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Расмий иш сапар учурунда Нарышкиндин президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууларда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана парламенттер аралык байланыштардын келечеги талкууланат.  Нарышкин Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде, Орусиянын Канттагы авиациялык базасында болуп, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешине жана Жогорку кеңештин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан