"Бул демилге үчүн кийин өкүнөсүңөр". Жанар Акаев башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу оюн айтты

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу оюн айтты.

"Башкаруу формасын аныктаган чоң мыйзам долбоорун бүгүн комитет карап, кайра эле пленардык жыйынга алып чыга берсе болобу?" - деп сурады Акаев.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул мыйзам долбоору 30-ноябрда комитетке келип түшкөнүн айтты. "Бизде кворум болгон жок. Бирок сурамжылоо кылып биз кечээ күнү караганбыз. Корутундусу бар", - деди ал.

Жанар Акаев: "Мыйзам комитетте талкуу болгону өкүнүчтүү. Биз, албетте, көпчүлүк эл эмне деп чечсе биз ошого макулбуз. Акылбек Үсөнбекович, (ред. Акылбек Жапаров) сиз Бакиевдин учурунда иштегенсиз президенттик башкарууда кандай кемчилик болгон?" - деди.

"Эбегейсиз зор бийлик бир адамдын колуна топтолот. Бирок ошол киши өзү аткарбай жакындарына бийлик өтүп кетет. Ошол коркунучтарды эске алыш керек. Бул Акаевдин, Бакиевдин дагы убагында болду", - дейт Жапаров.

Жанар Акаев: "Биз Түркмөнстандын жолуна өтө тездик менен салып берип жатабыз. Абдан өкүнүчтүү. Кийин бул демилге үчүн өкүнөсүңөр" деди.

Акылбек Жапаров "элден президенттик же парламенттик башкарууну сурагандан өкүнбөйбүз" деп жооп берди.

Жанар Акаев: "Биз Түркмөнстандын жолуна өтө тездик менен түшүп жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан