Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов референдум өткөрүү боюнча пикирин билдирди.
Ал президенттик шайлоо менен референдумду бирге өткөргөндө чыгым аз болорун айтты.
Анда депутат Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү өзүнүн оюн парламентте айтканы үчүн сындады.
"Президенттин мурдагы өкүлү түрмөдө жатат. Ал бизге келип көп акыл үйрөтчү. Президенттин, Жогорку Кеңештин өкүлү өзүнүн оюн таңуулай алабы? Юрист катары оюн айтса башка юристтерди да чакыралы" - деди Жанар Акаев.