Артём Новиков: "Дөөлөт Сыдыковдун 14 сааттан ашык тынымсыз манас айтканы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет деп үмүттөнөм"

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков "Манас" эпосу күнүн утурлай манасчылар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Артём Новиков кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, анын эң көрүнүктүү уюткусу "Манас" эпосу болуп саналаарын белгиледи.

"Дүйнөдө архитектуралык, тарыхый, археологиялык баалуулуктар менен байыркылыгын далилдеген ар кандай маданияттар бар. "Манас" эпосунун уникалдуулугу - теңдеши жок жана дүйнөлүк маданиятта өзгөчө орунду ээлеген улуу мурас. Ал баштагыдай калыбында жашай берет. Бул муундарды тарбиялаган билим сандыгы. Эпос өлкөбүз үчүн оор мезгилде, мисалы, пандемия учурунда бардыгыбызды бириктире алат. Ошондой эле жакында болгон бүткүл дүйнөнү кызыктырган окуяны белгилегим келет. Дөөлөт Сыдыков "Манас" эпосун 14 сааттан ашык тынымсыз айтты. Бул "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет деп үмүттөнөм, аны менен бул өнөрдүн уникалдуулугу дагы бир жолу баса белгиленет", - деди ал.

Баарлашуу учурунда манасчылар чыгармачылыкта туш болгон маселелер жөнүндө айтып беришти. Маданий мекемелерде манасчы штаттык бирдигинин жоктугу жана манасчылардын макамы жөнүндө сөз болду.

Артём Новиков "Манас" эпосун колдоо жана жайылтуу боюнча беш жылдык улуттук программа иштелип жатканын жана өкмөт айтылган маселелерди чечүү үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу манасчыларды дагы бир жолу "Манас" эпосунун күнү менен куттуктап, Талас шаарында "Манасты" үзгүлтүксүз эки күн айтуу иш-чарасынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан