Өкмөт "Референдум тууралуу" мыйзам долбоорун колдой турганы айтылды

Өкмөт "Референдум тууралуу" мыйзам долбоорун колдой турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда парламенттин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов билдирди.

Ал мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу бериле турганын белгиледи.

Вице-спикер Мирлан Бакиров корутундуну бүгүндөн кечиктирбей берүүнү сунуштады.

Буга чейин бир канча депутаттар аталган мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн корутундусу жок экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан