Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 2021-жылдын 10-январына белгиленген президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен барды. Ал Баткен облусунун чектеш аймактарында жумушчу сапары менен жүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо комиссияларына шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, анын ичинде пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо, кошумча электр генераторлорун коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.
Вице-премьер-министр алдыдагы шайлоодо форма-2 колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн-өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.
Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217 түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 203 түзүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өткөрүү боюнча кеңири маалымат берди.