Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Артём Новиков белгилегендей, жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана контактсыз негизде жүрүшү керек деп белгиледи.
Ошондой эле салмак габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер да белгиленди.
Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга тобокелдиктерди башкарууну, натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну, автоматташтыруунун бирдиктүү тутумун иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.