Коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон 11 жазык иши Жогорку Сотто кароо стадиясында турат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Үстүбүздөгү жылдын 9 айында соттор тарабынан жалпы 4 миң 892 жазык иши каралган. Анын жыйынтыгы менен 4 миң 789 соттук иш боюнча айыптоо жана кыскартуу (тийиштүү себептерге байланыштуу) жөнүндөгү чечимдер кабыл алынып, ал эми 103 жазык иши боюнча актоо өкүмдөрү чыккан. Кабыл алынган актоо өкүмдөрүнүн ичинен 33 кызматтык (коррупциялык) кылмыштар, 33 актоо өкүмү Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылып жаңы соттук кароого жиберилген. Ал эми 11 иш учурда жогорку соттук инстанциялык соттордо кароо стадиясында турат. Калган 21 иш күчүндө калган", - деп жазылат маалыматта.