"5-6-октябрда эл Конституцияны өзгөртөйүн деп чыккан эмес", - деп бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
"Муну эл суранып жатат деп айтып жатышат. Эки акыркы социалдык сурамжылоону карасаңар 30 маселенин ичинде Конституцияны алмаштыралы деген маселе жок. Элдин атын жамынгандар калп айтып жатышат. 5-6-октябрда эл Конституцияны өзгөртөйүн деп чыккан эмес. Алар таза шайлоо өткөргүлө деген талап менен чыккан. Президенттик башкаруу формасын сунуштап жатасыңар, бул боюнча эл эки жолу жооп бербеди беле же 120 депутатты кармап алып, таш менен жанчымайынча коё бересиңерби? Президенттик башкаруу менен өнүккөн Беларусь өлкөсүнүн президенти парламенттик башкарууга өтөбүз деп жатат. Конституцияны өзгөртүүдө коомдук талкуу болуш керек. Муну кабыл алганда укуктук бир дагы мамлекет бизди тааныбайт", - деди ал.