Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Аскарова тышкы карыз боюнча маселе көтөрдү.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучусу Артём Новиков 2020-2021-жылга тышкы карыздарды төлөө боюнча тобокелчиликтер жок экенин айтты. "Эпидемиологиялык кырдаал курч. Өкмөт эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бардык каржылык милдеттенмелер аткарылат. 2020-2021-жылга тышкы карыздарды төлөө боюнча тобокелчиликтер жок”, - деди Артём Новиков.