Бүгүн, 10-декабрда парламент республиканын 2020-2021-жылга бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды.
"2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорго маанилүү түзөтүүлөр киргизилет. 2020-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 139 миллиард сомдон, чыгыша бөлүгү 169 миллиард сомдон көбүрөөк өлчөмдө болжолдонууда. Бюджеттин тартыштыгы 29 миллиард сомго жакын.
2021-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 миллиард сом өлчөмүндө каралган. 2021-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 181,3 миллиард сомду түзөт. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 8,5 миллиард сомдон көбүрөөк же ички дүң продукциянын 1,4 пайызын түзөт", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.