Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө менин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканымды далилдесе мен жооп берүүгө даярмын. Муну ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Депутаттар министрлер кабинетинин башчысынан “Кумтөрдү” улутташтыруудан баш тарткандыгынын себептерин сурашты. Фискалдык саясат боюнча комитеттин жетекчиси Карганбек Самаков меморандум күлкү келтирерлик экенин айтты. Буга Жантөрө Сатыбалдиев: “Биздин эркибиз жетсе улутташтырсак болот. Мен жактоочу же инвесторлордун тарапташы эмес, премьер-министрмин. Эгер мен чыккынчылыкка барып жатсам, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосун. Мен жооп берүүгө даярмын. Улутташтыруу – оңой кадам. Бир күндө мен Кыргызстандын баатыры болгонум менен экономикабыз эмне болот? Казына акчасыз калат”,- деди премьер-министр.