Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 11-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өтүп, ага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко төрагалык кылды.

Жыйынга ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы катары Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, ал эми байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын учурдагы президенти Игорь Додон катышты.

Ошондой эле ЖЕЭКтин жыйынына Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев жана Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес катышты.

"Жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Биримдиктин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин жыйынынын соңунда экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер менен документтер кабыл алынып, 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жактырылды.

Ошондой эле белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кубага ЕАЭБге байкоочу-мамлекет макамы берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан