Балбак Түлөбаев: "Кичүү кызым мага жакын. Анын чоңойгонун Ысык-Көлдө жүргөндө сездим"

SUPER.KG порталында жаңыдан старт алган #ГалстукТар долбоорунун алгачкы коногу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев болду.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Балбак Түлөбаевге: "Мэриянын аппаратында иштеп жүргөнүңүздө кичүү кызыңыздын "жумуштан бошобойсуз", деп ыйлаган видеосун жарыяладыңыз эле. Азыр да жумушуңуз көп, кызыңыз ыйлабайбы?" деген суроо узатылды.

"Кичүү кызым ар дайым мага жакын. Анын чоңойгонун Ысык-Көлдө жүргөндө сездим. Төңкөрүш болуп мен отставкага кетип, 7-октябрда Бишкекке көчүп жатканда кызым: "Ата, мындай болбойт да, улам эле төңкөрүш боло береби? улам эле артка тарта бересиңерби?" деген суроо берди. Ошондо анын: "Сен эмне үчүн ушуга жол бердиң?" деген суроосу мага катуу тийди. Бир четинен кызымдын чоңоюп калганына кубандым. Садыр Нургожоевич менин отставкамды кабыл албай кайра Ысык-Көлгө кетип жатканда, кызым өмүр бою эстеп кала турган экинчи жолку сөзүн айтты. Анын: "Ата эмне үчүн мени тандабайсың? Эмне үчүн кайра Көлгө кетип жатасың? Мени тандачы" деген сөзү мага катуу тийди" , - дейт Балбак Түлөбаев.

Түлөбаев: “Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, а мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан