"Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталынын журналисттери 113 жашка чыккан энени куттуктап келди

"Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталынын журналисттери 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкек шаарында 113 жашка чыккан Бурулай Кыдыралиева апаны куттуктап келди. Майрамда ага жылуу жууркан жана башка белектер берилип, карыя ак батасын берди. Бурулай Кыдыралиева апанын учурда 4 баласы, 16 небереси жана 13 чөбөрөсү бар. Балдарынын айтымында, апасы 1900-жылы төрөлүптүр. "Башыбыздан көп нерсе өттү, оор күндөрдү да көрдүк. Өлкө үчүн жан аябай көп жерлерде иштедик. Мал карадык, согуш жылдарында талаада эмгектендик. Чоң Чүй каналын курууга да катышкам",- дейт эне. "Супер-Инфонун" аймактардагы өкүлдөрү да ардактуу карыларды майрамы менен үйлөрүнө барып куттуктап келишти. Материалдын толук версиясын гезиттин 4-октябрь күнү чыкчу жаңы санынан окуп, SUPER.KG порталынан видеоверсиясын көрө аласыз. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан