Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Финполго кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мурдагы вице-премьер бүгүн, 15-декабрда саат 10:00дө суракка чакырылган.
27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган. Кийинчерээк Сарпашев 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жерин мамлекетке кайтарып берген.