Ошто кармалгандан кийин каза болгон шектүүнүн окуясы: Сот 6 милиция кызматкерин тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды

Ошто 26 жаштагы кылмышка шектүү Ош ОИИБине алып келинген учурда эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери аны "Тез жардам" кызматына жеткирген учурда өзүнө келбей каза болгон. Бул ишти тергөө УКМКга жөнөтүлүп, 19-ноябрь күнү Ош ОИИБинин 6 кызматкери кармалган.

14-декабрда Ош шаардык соту кармалган милиция кызматкерлеринин баш коргоо чарасын карап чыгып, тергөө аяктаганга чейин аларды камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekbol2006
2020-12-15 11:20:06
Мыйзам баарына бирдей болуш керек. Жазалансын
+1
sainazarov0555
2020-12-15 12:24:16
Да свершиться правасудия!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан