Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү 25-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда акын Темирлан Ормуков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бишкек шаардык сотто Текебаевдин мандаты боюнча апелляциялык иш 25-декабрга жылдырылды.
Мен өтүнүч келтирип жылдырттым. Себеби жактоочум жок, өзүм ооруканада элем", - деп жазды ал.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттун чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга кайрылуу үчүн юристтер иштеп жатканын айткан эле.