Туратбек Мадылбеков: "Турсунбек Акундун абалы начар"
Парламенттин 2-октябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев боюнча маселени тез арада кароо сунушун айтты. Депутаттын айтымында, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун абалы оорлошуп жатат. "Акун менен сүйлөштүм, абалы начар. 17 күн ачкачылык кармагандан кийин адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат экен. Турсунбек Акун "кызматка барбаймын, болгону Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишине күнөөлүү адамдар жоопко тартылса, ачкачылык кармоону токтотом" деп жатат",- деди Мадылбеков.