17-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын жаңы долбоору сунушталып, ал коомдук талкууга коюлган. Ал эми 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер киргени маалымдалган.
SUPER.KG порталына өлкөнүн жөнөкөй жаранымын деп өзүн тааныштырган Абдикарим Мамадиев кайрылды. Ал мындан 10 жыл мурун дүйнөдө жок Конституциянын долбоорун жазып баштаганын айтат.
"Мен жазган Конституциянын долбоору уникалдуу. Ошондуктан ага патент дагы алып койгом. Өлкөдө азыр кырдаал жеңил эмес. Баш мыйзам боюнча көп талкуу жүрүп, сын-пикирлер айтылып жатат. Ошого байланыштуу өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жаран катары Конституциялык кеңешменин жыйынына дагы бардым. Долбоорумду сунуштадым. Бирок алар көңүл деле бурушкан жок. Учурдагы "Дүйнөнүн келечектеги конституциясы" деп аталган Конституциянын долбоору мындан 10 жыл мурда 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин жазылып баштаган. Бул долбоордо президенттин, депутаттардын, өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдарда иштеген жетекчилик кызматтагы адамдардын милдеттери жана укуктары так, даана жазылган. Негизи мен бул Конституцияны таңуулабайм. Учурда Конституциялык кеңешмеде менден билимдүү адамдар отурат. Бирок долбоордо жазылган кээ бир беренелер жаңы кабыл алынган Конституцияга өзгөртүү же түзөтүү катары кирсе болот", - дейт Мамадиев.
Абдикарим Мамадиев жазган Конституция 11 бөлүктөн турат: "Партиялардын милдети", "Жогорку Кеңеш. Депутаттардын милдети", "Өкмөттү түзүү жана депутаттарды шайлоо", "Райондук өкмөттү түзүү", "Кен байлыктар", "Губернатордун укугу жана милдети", "Премьер-министрдин милдеттери жана укуктары", "Президенттин милдети, укугу", "Бюджет", "Амнистия".
Булардын арасынан депутаттардын милдети тууралуу жазылган бөлүгү жарыяланган.
Бул жолу "Дүйнөдө жок конституциядагы" президентке арналган бөлүгүн жазабыз.
Абдикарим Мамадиевдин конституциясында президент 9 жылга шайланат деп көрсөтүлгөн.
(текст кыскартылып берилди)