1-октябрда Тажикстандагы бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү Ош шаардык мэриясында болушту. Жолугушуунун негизги максаты - жергиликтүү бийликтин коом менен байланыштагы ролу тууралуу тажрыйба алмашуу. Жолугушуунун жүрүшүндө Согдий облусунан келген өкүлдөр муниципалдык иштер тууралуу суроолорго жооп берип, тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Жыйынтыгында мэриянын экономика жана каржылык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев сунуштар жана долбоорлор үчүн дайыма эшик ачык экендигин айтты.